Камчыбек Ташиев: «Коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 40 миллиард сом түштү»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналдын «УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгү айтылды. Бул акчалар кайда?» деген суроосуна жооп берди.

«Сиз бул суроого өзүңүз эле жооп берип жатпайсызбы? Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.

Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар жана башка түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт»,- деди төрага.