Камчыбек Ташиев: «Ата-Журт» мындан ары шайлоолорго катышпайт»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпай турганын билдирди.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча, жер-жерлерде депутат болом деген талапкерлер “Ата-Журт” партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жердерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатат экен. Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр.

Урматтуу мекендештер! “Ата-Журт” партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

Эмне үчүн мындай чечимге келдим? “Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам, туура эмес болуп калат. Керек болсо, 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбайм. Албетте сиздер тараптан “Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?” деген суроо болот. Чынымды айтсам, ал убакта чырм эткенге убакыт жок иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин. Партиянын мүчөлөрү келип “Камчыбек Кыдыршаевич, уруксат берсеңиз “Ата-Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы” деп сурангандарынан уруксат берип койгон элем.

Эми мындан ары “Ата-Журт” партиясы шайлоолорго катышпайт. Ошондуктан урматтуу “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары! Сөзсүз эле “Ата-Журт” партиясы менен депутат болуп келишиңер милдет эмес. Өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан, эл үчүн күйүп-бышып иштеп бергенге даяр болгон партиялар менен шайлоого катышыңыздар. Кайсы партия менен шайланып келсеңер дагы эл үчүн иштеп берээриңерге терең ишенем. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. “Бийликте туруп бардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды” деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым.

Бир да партияга же талапкерге болушпайбыз жана башка мамлекеттик кызматкерлердин жардам берүүсүнө жол бербейбиз. Ал эми урматтуу эл журт! Кандай гана шайлоолор болбосун жаңылбай тандоону унутпаңыздар. Сиздер шайлаган депутаттар беш жыл бою сиздердин өзүңүздөрдүн тагдырыңыздарды чечишет. Ошондуктан ар бир талапкер боюнча “жети өлчөп бир кесиңиздер”.

Коррупцияга жана криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерлерди тандаңыздар. Добушуңуздарды сатпаңыздар. Саткан адам да, сатып алган адам да жоопко тартыларын унутпаңыздар.

Мындан ары Кыргызстанда кандай гана шайлоолор болбосун таза өтүш керек. Аны сиздер менен биригип баарыбыз камсыз кылалы. Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нургожоевич экөөбүз таза шайлоо, таза коом, таза мамлекет курсак деген кыялыбыз бар жана ошол кыялыбызды орнотуп күчтүү, таза, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдейбиз. “Ата Журт” партиябыз мамлекетибизге кандай кызмат кылганы тарых барактарында жазылып калат!» — деп жазды ал.