Ташиевдин резиденцияда жашары маалым болду. Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?

Жергиликтүү ЖМКлар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, кайсы бир үйдө эмес, мурунку президент Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашарын жазып чыгышты. 

Бул маалыматты тастыктоо үчүн редакция резиденциянын директору Адилет Билимбек уулунан комментарий сураган. Ал Ташиевдин «Ала-Арчада» жашарын тастыктап, бирок кайсы үйдө экенин айтуудан баш тарткан. «Бардык үйлөр мамлекеттин менчиги болгондуктан, үй кимдин акчасына курулганы маанилүү эмес. Ал мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан болсо, анда ал автоматтык түрдө мамлекеттик менчик болуп саналат», — деген ал. 

Буга чейин «Адилет» юридикалык клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жана башка мамлекеттик резиденцияларда жашаган бардык мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин тизмесин берүүнү талап кылган. Бирок адвокат азырынча жооп ала элек.