Канат Исаев: «Бир партия лидерин айткылачы, партия түптөп байып кеткен?»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө «Кыргызстан» партиясынын лидери, бир нече ирет Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү башкарган, бир нече күн парламенттин төрагасы болгон саясатчы Канат Исаев маек берди. Ал парламентаризм өлкөдө эмне үчүн тамыр жайып, өнүгө албаганы боюнча пикирин билдирди.

«Чындыгында парламенттик башкаруу бизде болгон жок. 2010-жылдан бери эле президент эмнени кааласа, кандай десе депутаттар ошону аткарып келди. Бир дагы министрди, акимди ал эле эмес, акимдин орун басарын дагы премьер-министр өз алдынча чечкен жок. Премьер-министр бул кызматтарга келчү адамдарды президенттен уруксат алып гана дайындап жатты. Бизде партиялык система бекемделе элек. Фракция лидерлеринин ошол фракциянын курамындагы депутаттарга таасири өтө деле чоң эмес. Ушул багытта биз мыйзамдарга толуктоолорду киргизип, фракциялык тартип боюнча өзгөртүүлөрдү киргизбесек, партиялык систем өнүкпөйт, өспөйт. Бүгүнкүдөй эле шайлоо алдынан партия түзө калып, шайлоого катышып жеңе беришет. Кийинки жоопкерчиликти сезишпейт. Мына, мисалы Феликс Куловду алалы. «Ар намыс» менен 2010-жылы парламентке келди, анан фракциясындагы бир нече депутат биригип аны лидерликтен алып түшүүгө аракет кылышты. Алмазбек Атамбаев кыйын күнгө кабылганда жанында 5 депутаты эле калды. Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаевде, менде деле ошондой болду. Анан кантип фракция лидеринин депутаттарга таасири чоң десе болот? Бул эмнеге алып келет? Жанагыдай шайлоо алдынан партиядан партияга секирүүгө, эч кандай жоопкерчиликти сезбөөгө алып келет. Партия — бүгүнкү күндө мандат алуу институтуна эле айланып калды. Анан партия лидерлери бизнеске айлантып алышты деген боюнча… Бир партия лидерин айткылачы, партия түптөп байып кеткен?», — деп суроо салат Канат Исаев.

Саясатчынын маегин шилтемеден табасыз.