Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду

Канатбек Тургунбеков Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тургунбеков Канатбек Тургунбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.