«Кантип «жеп», тонош керектигин үйрөтөбү?». Депутат Аскар Акаевге кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаев боюнча айтканын сынга алды.

«Бул боюнча ар кимдин ою бар. Менде тыюу салганга негиз жок. Эгер саясий чыңалуу жаратса, ректорлор жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун», — деген министр. 

«Сиз жоопкерчиликти ректорлорго түртүп жатасыз. Анда сиздин эмне керегиңиз бар? Эгер эртең балаңыз келип, «ата, мени эмне деген окуу жайга окуткансың, биздин келечекти уурдаган, Кыргызстанды тоногон, канчалаган адамдарды аттырган адам мага лекция окуду» десе, кандай абалда болосуз? Туура саясатчы эмессиз. Бирок сиз башчысыз да», — деди депутат.

Ошондой эле депутат Аскар Акаевге кайрылды. «Моралдык жактан жоопкерчилик алып туруп, кылса жакшы болмок. Эмне бизге келип, кантип «жешти» үйрөтөбү? Кантип тоношту үйрөтөбү? Мен студент болсом «моралдык укугуңуз барбы?» деп сурамакмын», — деди ал.