Каныбек Апбасов Өзгөн районунун акими болуп дайындалды

Каныбек Апбасов Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп Апбасов Каныбек Сагынбекович дайындалды жана буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми Шабдан Абыкаев Ош облусунун Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулду.