Каныбек Иманалиев кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты

Бүгүн, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев комитет жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып, кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты.

«Мен шайлоодо оппонент болгонум — бул бир гана парламентаризмди коргоо үчүн болгон. Баш отумду сайып… Бирок силердин убалыңарга мурдагы парламент калды, канатыңарды кыркып салды, тилекке каршы… Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, жеке бири-бирибизге болгон сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук», — деди ал.

«Мен ушундай эле жооп берет деп сизден күткөм. Демек, азыр иштеп жаткан Жапаровдун командасы сиздин купулуңузга толот экен да?» — деди депутат.

Иманалиев «ооба» деп жооп берди.