Каныбек Осмоналиев: «Башында эле суунун товар экенине начар көңүл бурганбыз»

«Кыргызстан суу маселесинде коңшулары менен «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык» деген принцип менен баарын сөз жүзүндө айтып келген. Бирок сөздөн ишке өткөн эмес». Бул туурасында өкмөт башчынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Кечээ Садыр Нургожоевич сапарында биринчи жолу өлкө башчысы өзү менен чектеш облустардын жетекчилерин ала барды. Ырааттуу, максаттуу сүйлөшүүлөр жүрдү . Мирзиеев муну колдоду. Азыр ошол сапарга катышкан 3 облус башчылары коңшу облус башчылары менен жумушчу топ түзүп, иштеп жатканынан менин кабарым бар. 

Башында эле биз суунун товар экенине начар көңүл бурганбыз. Турдакун Усубалиев дагы өмүрүнүн аягында муну кеч түшүнгөнүн көп жазып кетти го. Анда бир өлкө болчубуз, аймактык талаштар анда деле кээде чыгып турчу, бирок мынчалык курч турчу эмес. Азыр ал маселе абдан тереңдеп кетти, аңдарды казып, зымдарды тозуп. Европа биригип, Евросоюз түзүп атса, биз тескери кеттик.  Эми азыркы 2 президент (Жапаров менен Мирзиеёв -ред.) сүйлөшүүлөргө жол ачты. Өзүбүз «Камбар-Ата-1» ГЭСин канча каалообуз болсо да, кура албайбыз.  Бирок суу менен алардын газын, нефтисин ортого коюп, эки тарапка тең ыңгайлуу келишим түзүп жашашыбыз керек. Бирок Токтогул ГЭСи да, «Камбар-Ата-1» ГЭСи да өзүбүздө болушу керек. Же чөп коруган итке окшоп отура берелиби, чөптү уйга жедирбей, же өзү жебей«, — дейт Каныбек Осмоналиев.