Каргашалуу июль. Депутат Сурабалдиева «3-протоколду 1,5 ай кармаган кишини министр калкалап жатат» дейт

Депутат Эльвира Сурабалдиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 3-протоколду кармап койгон адамды калкалап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«2020-жылдын май айында Саламаттыкты сактоо министрлигинде 3-протокол жазылат. 3-протоколго антикоагулянттарды киргизип, бирок 1,5 ай ошол протоколду кармап койгон. Ошол каргашалуу июлда керектүү дарылардын тизмеси кирбегендиктен, миңдеген жарандарыбыз дары ала албай, кризис болуп, паника болгон. Ошол жооптуу кызматкерди бүгүнкү күнгө чейин эч ким жоопкерчиликке тарткан жок. Эмнеге? Саламаттыкты сактоо министрибиз ал кишини калкалап жатат. Ушул маселени аягына чыгарыш керек», — деди ал.