Кара-Көл шаарынын мэри алмашты

Талайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал кызматтан өз арызы менен кеткен.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нуртилек Орозбаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.