Чоң-Алайдын акими Кара-Сууга барып, Кара-Суунун акими Ноокатка кетти

Темирболот Абыкеев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин тескемеси менен аким болду.

Абыкеев буга чейин Чоң-Алай районунун акими болчу.

Жакыпбек Субагожоев Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Субагожаев буга чейин Кара-Суу районун жетектеп келген.