Карим Ханжезанын ордуна Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын шайлоо маселесин карашты.
«Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары кызматына депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөттү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Ага чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында төраганын орун басары Карим Ханджеза өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырып жатканын билдирди. Эл өкүлү депутаттарга көрсөтүлгөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай чечим жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.