Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Кыргызстанга келди

Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан тышкары, тараптар парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышат.