Казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынды

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоор 2-3-окууда каралды. Танапис жарыяланганга чейин 4 жолу добуш берүүгө коюлду, бирок өткөн жок.

Танапистен кийин да добуш берүү болуп, 59 депутат «макул», 9 депутат «каршы» болду. Жыйында юрист Конституциянын 86-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мыйзам өттү деп эсептесе болорун айтты. «Мыйзамдар Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат деп турат», — деди юрист.

Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоор өткөнүн жарыялады. Мыйзам 3-окууда да добуш берүүгө коюлуп, 58 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.