Келдибеков: «Мушташкандар болгон, бирок Жогорку Кеңешке эки жашик курал алып кирүү болгон эмес»

«Мушташкандар болгон, бирок Жогорку Кеңешке эки жашик курал алып кирүү болгон эмес». Бул тууралуу парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Жок, андай болгон эмес. Курал менен киргендер болгон. 2005-жылы биз жаңы шайланып келип, сессияны өткөрө албай турган учурда айрым депутаттар курал менен же жан сакчылары курал менен келишчү. Атүгүл, айрымдары 4-5 автоматчан менен кошо парламентке келишчү. Бирок Жогорку Кеңешке эки жашик курал алып келишти деген маалыматты жалган деп ойлойм. Себеби мындай болушу мүмкүн эмес. Мен ишене албай турам», — деди ал.