Кемпир-Абад маселеси. Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде эки мыйзам долбоору каралды. Ал экөө тең 3-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Бири кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору, экинчиси Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуусун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору.

Колдоп добуш бергендер:
— Улан Примов;
— Лейла Лурова;
— Чолпон Султанбекова;
— Жылдыз Таалайбек кызы;
— Улан Бакасов;
— Ырысбек Атажанов;
— Шайлообек Атазов.

Добуш берүүнүн алдында залдан чыгып кеткендер:
— Адахан Мадумаров;
— Чыңгыз Айдарбеков;
— Нуржигит Кадырбеков;
— Нилуфар Алимжанова;
— Эрулан Кокулов.

Комитетке мүчө, бирок жыйынга катышпагандар:
— Айбек Осмонов;
— Миргүл Темирбаева.