Кийинки жумада парламентке Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү келет

20-октябрда Министрлер кабинетинин толук курамы Жогорку Кеңешке келе турганын төрага Нурланбек Шакиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов менен сүйлөшкөн. Алар келерки бейшембиде Министрлер кабинетинин күнүн өткөрүү чечимин кабыл алышты. «Бардык команда келип, чек ара, Кумтөр жана башка суроолоруңуз боюнча айтып беришет», — деди Шакиев.