«Ким болсо да жооп бериши керек». Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө желекти өзгөртүүгө “макул” деп добуш берип койгонун айтты

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өттү. 66 депутат желекти өзгөртүүгө макулдугун берип, 8и каршы болду. Депутат Дастан Бекешев добуш бергендердин тизмесин бөлүштү.

Ал тизмеден буга чейин желекти өзгөртүүгө каршы болуп жаткан Мирлан Самыйкожонун «макул» деп добуш бергенин көрүүгө болот. Ал Жогорку Кеңеште анын ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтты.

«Мен эл менен жолугуп жүргөндө, бул маселе жашыруун түрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, жасалма жол менен өткөрүп койдуңар. Менин компьютеримен «макул» дегенди басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен өзгөртүүгө каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик жана алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Элдин 90 пайызы каршы деп турат. Референдум болушу керек болчу. Мен көпчүлүктү урматтайм, сыйлайм. Бирок элди укпай койдук», — деди ал.