«Кол тийбестик берсеңиздер». Курултайга келген делегат Ташиевге өзгөчө макам берүүнү сунуштады

«Жогорку Кеңешке коюп, Камчыбек Ташиевге кол тийбестик статусун берсеңиздер». Бул тууралуу Жалал-Абад облусунан курултайга келген Эльнура Жуманова кечээ, 15-декабрда билдирди.

«Аманат сунуш — бул биздин элдик генерал Камчыбек Кыдыршаевичке арналат. Ал жан дүйнөсүн мамлекетке арнап койду. Кандай күрөш болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Баарыңыздардан колдоону суранам. Жогорку Кеңешке коюп, кол тийбестик статусун берсеңиздер», — деди ал.