Кол тийбестиктен ажыратуу. Парламент депутаттык комиссиянын чечимин колдоду

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын чечимин колдоду. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Депутаттык комиссияны 93 эл өкүлү колдоп, бирөө гана каршы чыкты. Кийин Шайлообек Атазов туура эмес добуш бергенин айтты. Депутаттар Бакыт Жетигенов боюнча бүгүн чечим чыгарууга да ниеттенүүдө.