Комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов: «Мадумаровду колдоп 68 депутат добуш берди»

«Адахан Мадумаровду колдоп 68 депутат добуш берди». Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидерин колдоп Ак Үйгө келген тарапташтарынын алдында билдирди.

«Депутаттык комиссия бир айдан бери Башкы прокуратурадан келип түшкөн көрсөтмө боюнча бардык керектүү документтерди колго алып, карап чыктык. Ошонун жыйынтыгында эч кандай макулдук берүүгө жүйө жоктугуна байланыштуу биз макулдук берилбесин деп чечим чыгардык. Бүгүн жетишип, жалпы жыйынга алып чыктык. Анда 68 депутат колдоп берди», — деди Айбек Осмонов.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жабык эшик артында каралып, анда парламент депутатты жоопко тартууга макулдук берген жок.