Баш мыйзамдын жаңы долбоору бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңешке жиберилди. Бул тууралуу журналисттерге Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, эки айдан ашуун иштеген кеңешме ишин аяктады. Эми парламенттин гана кароосу калды.
Белгилей кетсек, былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.