Коррупцияга шектелип кармалган ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев кызматынан бошотулду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАМКтан тастыкташты.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Таалайбек Нуралиев УКМК тарабынан 3-августта кармалган. Ал коррупцияга шектелип жатат.