«Кошунасы болгон». Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейине катышкан видео тарады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маркум Камчы Көлбаевдин апасынын юбилейине катышып, сөз сүйлөгөн видеосу тараган.

Ал видео боюнча президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди. «Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деп айтылат маалыматта.