«Көзөмөл катуу болот». Жапаров менен Ташиев Кумтөр кенине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Анда Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды. Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп  дайындалды.

«Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу зарыл. Министрлер кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.