Кубанычбек Жумалиевдин мандаты Аманкул Токтомамбетовго берилет

Өз эрки менен мандатынан баш тарткан Кубанычбек Жумалиевдин ордуна парламентке Аманкул Токтомамбетов келет. Бул туурасында БШКнын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясындагы бошогон депутаттык мандатты партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер Аманкул Токтомамбетовго тапшыруу чечимин кабыл алды. Токтомдун долбооруна БШКнын жыйынга катышып жаткан 11 мүчөсүнүн ону макул болду, бирөө каршы чыкты. Алтынчы чакырылышка жарышка түшкөн «Бир Бол» партиясынын 2015-жылкы тизмесинде Аманкул Токтомамбетов 26-катарда турчу.

БШК ушул эле күнкү отурумунун башында депутат Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Баяндамачы, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев жыйында Жумалиев мандатын тапшыруу арызын өз ыктыяры менен 13-апрелде тапшырганын маалымдады. Ыйгарым укуктарын токтотуунун себептери айтылган эмес.

Кубанычбек Жумалиев УКМК тарабынан «коррупция» беренеси менен айыпталып, 4-февралда камакка алынган. 12-апрелде мамлекетке 1 миллиард сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулган.