Кулира Кубатова Акыйкатчы кызматына талапкерлигин алып салды

Кулира Кубатова Акыйкатчы кызматына талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Кулира Кубатова башка талапкер Жамийла Жаманбаеванын пайдасына ат салышуудан баш тартып жатканын белгиледи. «Биз аны менен биригип, бир команда болуп иштөөнү көздөп жатабыз» деди ал.

Акыйкатчы кызматына эки талапкер – Жамиля Жаманбаева менен Бакыт Рысбеков калды.