«Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында комиссия башчысы Акылбек Жапаров өкмөт өкүлүнө келерки отурумда «Кумтөр» алтын кенинен түшкөн каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы тууралуу маалымдар кылуу тапшырмасын берди. «Каражат жумшалып кеткен дедиӊер. Эми анын кандай документтердин негизинде жумшалганын аныктап бергиле», — деди Жапаров.

Ал эми жыйында депутат Каныбек Иманалиев алтын кениндеги геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө бөлүнгөн 20 миллион доллардын кандай жумшалганын да текшерүү зарылдыгына токтолду. «Каражат каралса, толугу менен жумшалса, анан кошумча алтын табылбаса, кандайдыр бир тийиштүү чаралар көрүлүш керек да», — деди ал.

Жогорку Кеӊеш 17-февралда «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.