«Кумтөрдүн» президенти мурдагы жетекчиден 2,5 эсе аз айлык аларын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев учурда «Кумтөрдү» ким жетектеп жатканына кызыкты.

Алмаз Барыктабасов жетектеп жатканын айтты. Ал 25 жылдан бери «Кумтөрдө» иштеп келгенин, август айынан бери жетектеп келе жатканын айтты.

«Сиз дагы мурдагы жетекчиңиздей болуп канча сый акы алып жатасыз?» — деген суроо салды депутат.

«Азыр айлык маянам директорлор кеңеши тарабынан бекитилген. Мурдагы жетекчиге караганда, 2,5 эсе аз», — деди ал.