Башкы прокурор Ташиевден Жээнчороевге карата «бир нерсе» таап берүүсүн суранганбы? Зулушевдин жообу

Бүгүн, 21-сентябрда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин жыйыны болуп өттү.

Жыйында президент Садыр Жапаров каршы пикир менен Укук бузуулар жана Кылмыш кодексин парламентке кайтарып бергени маалым болду. Башкы прокурор Курманкул Зулушев көзөмөлдөөчү орган мамлекет башчысынын каршы пикирине толук макул экенин билдирди.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев президенттин сунушун изилдегенин, туура пикирлер бар экенин, бирок талкуулоо үчүн макулдашуу комиссиясы керек болгон пункттар бар экенин белгиледи. Ал пункттарды тизмектей баштаганда, Зулушев ага комментарий бере баштады, бирок микрофондун үнү өчүрүлгөндүктөн, ал так эмнени айтып жатканы түшүнүксүз болду. 

«Мен жаш бала эмесмин, издөөгө берем дегендей. Мен түшүнөм эбегейсиз бийликке ээ болуп турасыз. Сиз бийлигиңизди пайдаланбаңыз. Курманкул Токторалиевич айтып коёюн, сиздин жанагы «ээ, Камчыке, (ред. УКМКнын төрагасы) мобу Мирланга «бир нерсе» таап берчи, тилим укпай жатыр» дегенди. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт», — деди Мирлан Жээнчороев.

«Камчыкеден ушул сөздү далилдеп бериңиз. Мен команда бербейм эч кимге. Команда болсо, сизге таап берип коюш оңой эле», — деди Курманкул Зулушев.