Курсан Асановго карата чыгарылган үй камагына алуу чечими узартылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата чыгарылган үй камагына алуу чечими 2021-жылдын 6-февралына чейин узартылды. Анын жактоочусу сотко Асановдун Бишкек шаарынан сыртка чыгуусу керектигин айткан. “Сот мындай учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгына, алар кайра сотко шылтап коюшту” деген жактоочу.

Курсан Асановго Кой-Таштагы жана октябрь айындагы окуялар боюнча айып тагылган. Ал ошондой эле президенттикке талапкерлигин көрсөткөн.