«Кустурмай» катуулайбы? «Уурдаганын 5-10 эселеп кайтартабыз» дейт президент

«Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга болгон күчүбүздү жумшайбыз, мыйзамдуу жолдорун табабыз, же жаңы Мыйзам чыгарабызбы, биз ошого баратабыз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

«Мамлекеттин мүлкү, казынасы, каражаты 33 жылдан бери ар кандай жолдор менен уурдалып, тонолуп келди. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жыла албай, өнүгө албай, ушундай акыбалга жетти. Мындан ары буга жол бербейбиз. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга болгон күчүбүздү жумшайбыз, мыйзамдуу жолдорун табабыз, же жаңы Мыйзам чыгарабызбы, биз ошого баратабыз», — деди ал.