«Кууп чыккыла». Президент «жакыны болом, чечип берем» дегендердин үстүнөн иштеп жатканын айтты

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Өткөндө бажы системасында коррупциялык көрүнүштөр дээрлик толук жоюлганын, болгону 10 пайыздай калганын билдиргенсиз. Мындай жыйынтык кайсыл аракеттердин аркасында болду? Калган 10 пайызга кайсылар кирет?

— Коррупция жок деген өлкөлөрдө деле 5-10 пайыз коррупция болот экен. Себеби пенде экенбиз да. Акчаны көргөндө жолдон адашат экенбиз. Бирөөнү кармап камап атсаң экинчиси ала берет экен, экинчисин кармап камап атсаң үчүнчүсү ала берет экен. Менин атымды сатып, жакын тууганы болом деп өз кызыкчылыгына иштегендер болот экен. Анын баары мага кечирээк жетип калууда. Бирок андайлардын баарын аяп олтурбастан дароо камагыла деп буйрук берип, каматып коюп жатам. Биздин менталитетке жараша болсо керек. Тилекке каршы, жакын тууганымын же жакын таанышымын десе эле ишене берген адамдар көп болот экен. Тескерисинче, ошондой аферисттерге ишенбеш керек экенин билишпейт. 2020-жылы жана андан кийин деле канчалаган кишилер келип мени менен сүрөткө түшүшкөн. Алар миңдеп саналат. Ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди коркутушат экен. Мына көрдүңбү? Мен жакыны болом, баланча маселемди чечип бер деген сыяктуу. Учурдан пайдаланып айтып коёюн. Жардам бермек түгүл ошондойлорду кууп чыккыла демекчимин. Же социалдык түйүндөр аркылуу андай аферисттерди мага билдиргиле. Мен өзүм жазасын берем.

Азыр эми ошондойлорго кантип бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатам. Акыры мындайларга дагы чекит коюуга жетишебиз. Анткени бажы менен салык тармагы республикалык бюджеттин дээрлик 90 пайызын түзүүчү тармактар. Бул эки тармакка катуу көзөмөл кылбасак болбойт.