«Кыжырдантпасынчы». Депутат Айжигитов айыл чарба министринин орун басарын Жогорку Кеңешке келбей эле коюсун айтты

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Айыл чарба министрлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун карап жатат. 

Депутат Алишер Эрбаев антикризистик иш-чаралардын аткарылышы боюнча бир нече суроолорду берип, бирок айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун маалыматына, бүдөмүк жоопторуна жана конкреттүү маалыматтардын жоктугуна нааразы болду. Буга депутат Султанбек Айжигитов да нааразы болду.

«Мына 15 мүнөт суроо берди. Бирок жооп ала албады. Жөнөкөй эле суроо. Сүйлөбөгөн адамды сүйлөттүрөт. Унчукпай эле отурмакмын. Жөнөкөй нерсени билбейт. Мисалы, картошканын баасын түшүрүү үчүн жөн гана картошканы көбүрөөк өстүрүш керек да. Же билбейм деп эле койбойт. Даярданып келишсинчи, анан ушул киши келбей эле койсунчу. Кыжырдантпасынчы. Бул жерге чындап айыл чарбаны жакшы билген адам келсин», — деди депутат.