«Кыргыз элин көпкө алдаш кыйын. Эл дале президенттин сөзүнө шайкеш кадамдарды күтүп жатат». Экс-президенттин кайрылуусу

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жарыялады. Аны тарапташтары соцтармактагы баракчалары аркылуу таратышууда.

“Бүгүн Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгын белгилеп жатабыз. Мындан туура 12 жыл мурун эл Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулаткан. Ачууланган элди “Ала-Тоо” аянтындагы жардыруулар, Ак Үй тараптан мөндүрдөй жааган октор, жада калса өлүм да токтото алган эмес. Ал күнү 87 мекендешибиз окко учкан. Миңге жакын жараныбыз жаракаттарды алышкан. Алардын 70ке жакыны соңку 12 жылда өз өмүрү менен кош айтышты. Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатуунун баасы мына ушундай кымбат болгон. Ошол күндөн бери окко учкан жарандарыбызды эскерип, аман калган Апрель баатырларын даңктап келебиз. Кыргызстандын эли алардын эрдигин эч качан унутпайт.

Тилекке каршы, учурдун учкуну менен бийликке келип, азыр бийик трибунадан катуу сөздөрдү сүйлөп жаткандар Апрель революциясын жокко чыгарууну көздөгөндөй таасир калтырышат. Акыркы бир жарым жылдан бери бакиевчилер абдан жанданып, бийликтин ар бир бутагында жылуу жумшак кресло алып жатышат.

Качкын президент Акаев эч нерсе болбогондой Кыргызстанга учуп келип, ээн-эркин жүрүп, кайра эч тоскоолдуксуз кетип калганын көрдүк. Аны сурактарга лимузин менен алып келип, коё беришти жана эл алдында кечирип коюшту. Шейит болгон аксылыктар, ит бекер кеткен “Кумтөр” унутулду. Эми Кыргызстанга экинчи качкын президент Бакиевди да алып келишип, аны килем төшөп тосуп алышаары толук мүмкүн окшойт. Жогорку бийликтеги айрым адамдар бул маселени кайра-кайра көтөрүшүп, ишке ашырууну көздөп жатышканы ачык көрүнүп турат.

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иштин негизги фигуранттарынын бири 12 жыл издөөдө жүрүп, эми ээн-эркин милицияга келип, колго түшүп бергенин көрдүк. Анын сот процесстери дагы кандай өтүп жатканын көрүп жатабыз. Бакиевдин учурунда журналисттерди жана оппозиционерлерди кандай өлтүрүшкөнүн биз унута элекпиз. Бүгүн дагы оппозицияны муунтуп, журналисттерди, блогерлерди жана укук коргоочуларды сурактарга чакырып жатканын көрүп жатабыз. Аларды камакка алып жатканына да күбөбүз.

Мунун баарын эл да көрүп турат. Бирок биздин элди көпкө алдаш кыйын! Акаев 15 жыл, Бакиев 5 жыл алдап, Соке болсо болгону үч жыл элди алдап, факты жок деп отурду. Элибиз калптарга, коррупцияга жана диктатурага көпкө чыдабайт! Бийлик муну эстен чыгарбашы керек! Президент Жапаров элдин үмүтүн акташы керек! Эл дагы эле ага абдан ишенип, президенттен сөзүнө шайкеш, туура, адилет кадамдарды күтүп жатат.

2010-жылы 7-апрелде эл чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкө чыккан. Эл кулчулукка каршы болгон. Эл Кыргызстан Кокон хандыгындай болбосун деп көтөрүлгөн. Эл тизелеп жашаганча тике туруп өлүүгө даярдыгын көрсөткөн. Муну эстен чыгарбаш керек!”.