«Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процесси аяктады» дейт Жапаров

Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюжети тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик чек арада жана күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганын, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөндүгүн билдирди.

“Чек ара кызматына 2 жылда 20 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналар, КамАЗдарды сатып алдык”, — деди ал.