Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна макулдук берди.
Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, комитет маселе боюнча макулдугун берди. 6 депутат колдосо, 4 депутат каршы добуш беришти. Айдарбеков өзү каршы добуш бергенин айтты.
Добуш берүүдө Айбек Осмонов менен Улан Бакасов болгон эмес.