Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду.

Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу жай эл аралык билим берүү мекемеси экенин жана эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барарын жүйө келтирди. Ага ылайык, депутат Министрлер Кабинетин эл аралык макулдашуулардын сакталышына өзгөчө көңүл бурууга, анын ичинде кампустун белгиленген чектерин сактоого чакырды.