Кыргыз-Түрк ооруканасы ички органдарды трансплантациялоого даярдыгын билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады. Ушул жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат.

Мамлекет башчысы трансплантологияны өнүктүрүү сыяктуу маселенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, муну менен кыргызстандыктар үчүн сапаттуу медициналык жардамга жетүү жана органдарын алмаштыруу зарылдыгынан жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүндүгү пайда болуп жатканын айтты. Ал белгилегендей, биздин жарандар өтө маанилүү жана кымбат баалуу операцияларды жүргүзүү үчүн алыскы чет өлкөлөргө чыкпай койсо болот. Эгерде алар чет өлкөдө 50-60 миң доллар чыгым тартышса, бул жерде Кыргызстанда да ушундай эле операция 10 миң доллардын тегерегинде болот. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын жетекчилигине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.