«Кыргыз алтындын» аффинаждык заводуна «Good delivery» эл аралык статусу калыбына келтирилди

Министрлер кабинети Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын (LBMA) “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун “Good delivery” статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

«Министрлер кабинети LBMA’нын «Good delivery» статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт жана жогору баалайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргыз алтын” акыркы жылдагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сыноонорлорго чыдап, текшерүү процедурасынан татыктуу өтүшү керек эле. Биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары LBMA рамкасындагы өз мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. «Кыргызалтын» ААКтын аффинаждык заводу мындан ары да LBMAдагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, кыргыз алтынынын дүйнөлүк рынокко толук кандуу чыгуусун калыбына келтирүү тууралуу кабыл алынган чечим президенттин командасынын адилет саясатын дагы бир жолу таануу болуп саналат. «Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн жеңишке жетишүү менен гана чектелбестен, аны биринчи күндөн тартып эле убада кылгандай бардык эл аралык жана укуктук милдеттенмелерди толук сактоо менен аткара алдык», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

LBMA кабыл алган чечимине ылайык өткөн жылдын сентябрынан бери бул статусту токтоткон мезгилде “Кыргыз алтын” ААК тарабынан аффинаждалган алтын жана күмүштүн бардык көлөмүнө дагы “Good delivery” статусу тааныла турганын баса белгиленди.