Кыргызстан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоого макулдук алды

Кыргызстан 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону сүйлөштү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Ал кайсы өлкөдөн жеткирилерин тактаган жок.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясын импорттоо техникалык себептерден улам токтотулганын билдирген.

Садыр Жапаровдун айтымында, 2021-жылдын 10 айында өлкөдө 4110 авариялык абалда электр жарыгы өчүрүлгөн. «Демек, өлкөдө күн сайын 10 авариялык өчүрүүлөр болот экен. Учурдагы кырдаалга байланыштуу чараларды көрүү зарыл», — деди президент. Анын айтымында, энергетикалык компаниялардын карызы 135 миллиард сомду түздү.