Кыргызстан менен Кувейт кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча макулдашты

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин алкагында Кувейттин премьер-министри Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди мындан жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маселелерде пикир алмашуу болгон. Мамлекет башчысы Кувейт менен өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи. Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө умтулуусун жана кызыгуусун билдирди.