Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

11:11 17.04.2026
0
Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алмашты. Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, эки өлкөнүн башчыларынын ынак мамилеси да өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.

«Калыптанган мамилелерди кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Бул жаатта да эки өлкөнүн парламенттери жемиштүү иш алып барып, эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташып келебиз. Айрыкча Парламенттер аралык комиссия активдүү иш жүргүзүп, эки тараптуу жолугушууларда маанилүү чечимдер кабыл алынууда», – деди төрага. Ошону менен катар Марлен Маматалиев чек аралардын такталышы соода-экономикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи.

Ал эми Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Андан сырткары, «Кыргыз элинде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, биз бир тууган эле эмес, жакын коңшу элдерденбиз. Ошондуктан, байланыштарыбыздын күн сайын кеңейиши эки мамлекет үчүн тең маанилүү», – деген Сенат төрайымы да парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Маданий-гуманитардык жаатта алгылыктуу байланыштар калыптанганын айткан Танзила Нарбаева акыркы жылдары эки эл бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатканын жүйө келтирди. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзбек эли өзгөчө мамиле жасарын билдирип, залкар калемгердин маарекелери Өзбекстанда да жогорку деңгээлде уюштурулганын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар соода байланыштарын өнүктүрүү багытындагы маселелерге да токтолушуп, ортодогу мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу пайдалануу зарыл экендигин белгилешти. Алсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд АКШ долларына чейин көтөрүлгөн.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:44 16.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:08 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 16.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 16.04.2026
1

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

14:23 16.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026
Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

11:16 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү