Кыргызстан менен Өзбекстандын товар айлантуусун 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан ) болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышты.

Алгач Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жалпы Ташкент эл аралык III инвестициялык форумун ачып, жалпы 2,5 миңден ашуун катышуучулардын ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агымы жогору болгонун, ошондой эле эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өскөнүн, учурда товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатканын айтты.

Акылбек Жапаров форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, Кыргызстанда курулуп жаткан эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу сөз сүйлөйт.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Дүйнөнүн 93 мамлекетинин өкүлдөрү чакырылган форумдун программасына мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги пленардык сессия, 50дөн ашуун эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, анын ичинде панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөр кирген.