Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлөт. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Министрлер кабинетине тапшырылат: