Кыргызстанда зордукчуларга жаза күчөтүлдү. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган чыккан. Мыйзамдын милдети алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алып салынды.
Ошол себептен, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Андан тышкары жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, мыйзамдардагы жоопкерчиликтен иш-жүзүндө качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алып салынды, анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет. Ошол себептен, Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.