Кыргызстандагы орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатабы? Шыкмаматовдун Мишустинге жообу

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстандагы орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча «Акипресс» агенттигине комментарий берип, мамлекеттик органдардын жогорку жетекчилиги негизсиз дооматтарды айтып жатат деп билдирди.

Шыкмаматовдун айтымында, өлкө жетекчилиги деп Мишустин туура эмес айтып алды, ал эми опузалоо деп айтканы да туура эмес. Чарбалык иштерге саясий боёк берилип кетти, бул көрүнүш Михаил Мишустиндин колунда объективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн дейт ал.

«Өлкө жетекчилиги тескерисинче бардык тармакта коррупциялык схемаларды жоюу, ачыктыкты камсыздоо багытында олуттуу иштерди, реформаларды жасоодо жана бардык мамлекеттик органдардан ушуну талап кылууда. Бул өтө принципиалдуу маселе.

Мунун айкын мисалын бажыдан көрсөк болот. Бажы өнүмдөрүнөн 2016-жылы ЕАЭБдин (Евразия Экономикалык Биримдиги) жалпы казынасына 12 миллиард 244 миллион сом төксөк, кайра ал жактан 13 миллиард 94 миллион сом алганбыз. 2017-жылы бажы өнүмдөрүнөн ЕАЭБдин жалпы казынасына 12 миллиард 515 миллион сом төксөк, ошол жылы жалпы казынадан 15 миллиард 358 миллион сом бизге беришкен. Ал эми 2022-жылы 20 миллиард 506 миллион сом төгүп, кайра 16 миллиард 242 миллион сом алганбыз. 2023-жылы ЕАЭБдин жалпы казынасына 50 миллиард 932 миллион сом төгүп, кайра бул казынадан бизге 25 миллиард 481 миллион сом берилген.

Башкача айтканда, 2022-жылдан тартып бажы өнүмдөрүнөн чогулган каражатты көп төгүп, жалпы бөлүштүрүүдө эки эсе аз ала баштадык. Бул Кыргызстандын бажы тармагында коррупциялык схемалардын жоюлушунан улам болууда», — деди ал.

Ошондой эле өлкөбүздүн салык тутумунда дагы ушундай эле иштер жүрүп, фискалдык саясаттын жакшыртылышынын аркасында салыктарды чогултуу жылдан-жылга өсүп жатканын кошумчалаган.

«2020-жылы 62 миллиард 958 миллион сом чогултулган болсо, 2023-жылы 296 миллиард сом салыктан түштү. 2024-жылы бул көрсөткүч 342 миллиард сомду түздү.

Бизде тигинин компаниясы экен, мунун компаниясы экен деген түшүнүк жок. Өзүбүздүн өлкөнүн салык төлөөчүлөрү, башка чоң мамлекеттин же башка кичине мамлекеттики, чоң державаныкы экен деген да бөлүү жок. Бардыгына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалары менен салыктар чегерилет жана баардыгы эле ошо менен салыктарын төлөп келе жатышат.

Мыйзам баардыгына бирдей, ал эми салык төлөө бул ыйык милдет. Төлөбөгөндөрү, атайылап салыкты жашыруу аракеттери болсо улуттук мыйзамдарыбыздын чегинде тиийштүү органдар иш алып барышат», — деди Шыкмаматов.

Салык кызматынын төрагасы ошондой эле Орусияда да бул ыйык эреже өкүм сүрөрүн айтып, Михаил Владимирович, Орусиядагы эң ийгиликтүү салык реформасынын “атасы” катары муну жакшы түшүнөт деп ойлойм деген.

«Эң негизгиси, эгерде кайсыл бир салык төлөөчү субъект салык органдары тарабынан колдонулган санкциялар менен макул болбосо, эл аралык стандартттарга жараша өз укугун коргоо механизимдеринин бардык шарттары бар. Ал салык органынын апелляциясы жана сот органдарына кайрылуу укугу.

Андыктан, бул кадимки эле чарбалык иш жана ал эки өлкөнүн стратегиялык деңгээлдеги мамилелерине таасир этпеши керек деп эсептейм. Кыргызстанда сырткы инвесторлорго жана ишкерлерге баардык мыйзамдуу шарттар түзүлгөн, кимдир бирөөнө артыкчылык берилүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселенин мындай жогорку деңгээлге саясатташып кетиши одоно болуп калды», — деди ал.

Мишустиндин Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу 31-январда Казакстанда өткөн.