Кыргызстанга Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди

Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.