Кытай Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисин жакшыртууга каражат бөлүүгө даяр

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Анда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Мэр Кытай өкмөтүнө, Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигине шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. Өз кезегинде Ду Дэвэнь Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин эске салды. Шаардык кызматтар эскиздик долбоорун даярдоолору зарыл.
Мындан тышкары, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү, үчүнчү фазасынын башталышы жана борбор калаада санариптештирүүнү тездетүү маселелери талкууланды.